ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айылдык кеңеши ХХVIII чакырылышынын 16 сессиясы
2023-жылдын 24-апрелиндеги № 20
“Айыл өкмөтү менен “Бал Шире ” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж.Деркембаева ортосундагы ижарага берүү келишими жөнүндө”
Жаргылчак айыл өкмөтү менен “Бал Шире” ишканасынын жетекчиси Ж.Деркембаеванын ортосундагы түзүлгөн ижара келишиминин шарттарынын аткарылышын талкуулап, ижарага берүү келишимин бузуу максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 16 сессиясы токтом кылат.
1. Жаргылчак айыл өкмөтү менен “Бал Шире” муниципалдык ишканасынын ортосунда түзүлгөн 30-март 2022-жылындагы № 2 келишими, түзүлгөн келишим шарттарынын толук аткарылбагандыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын чегинде бузулсун.
2. Келишимди бузуу боюнча айыл өкмөтүндө мыйзамдуу иштер алынып барылсын.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Т.Телгозиевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |