КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 21-декабрындагы № 118/XXVIII-28
Убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Дж.Усуповдун Д.Курманалиев айылынын тургундарынын жамааттык арызын кароо боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Д.Курманалиев айылынын тургундарынын жамааттык арызын кароо үчүн төмөнкү курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:
Бейшебаев Т.М. – комиссиянын төрагасы;
Суюнтбекова Л.Э. – комиссиянын катчысы;
Комиссия мүчөлөрү:
Карипов М.К. – Кочкорбаев айылдык Кенешинин депутаты;
Көчкөнбаева А.К. - Кочкорбаев айылдык Кенешинин депутаты;
Усупов Э.Дж. – Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы;
Турдубаев М.Б. – “Ай-Барат” суу колдонуучуларынын ассоциациясынын (АВП) директору;
Ысык-Ата райондук шаар куруу жана архитектура бөлүмүнүн өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жер ресурстары кызматынын Ысык-Ата филиалынын өкүлү.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Дж.Усуповго жүктөлсүн.
Төрага |
| Э. Токбергенов |