Редакцияот 24.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаргылчак айылдык кеңеши ХХVIII чакырылышынын 16 сессиясы

 

2023-жылдын 24-апрелиндеги № 21

 

“Жайыт комитетинин малчыларга жасалган малчы үйлөрүн айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө”

Жайыт комитетинин төрагасы Э.Шоруковдун малчылар үйүн жайыт комитетинин балансына алуу боюнча кайрылуусун карап чыгып, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 16 - сессиясы токтом кылат.

 

1. Жайыт комитетинин 2022-жылы сатылып алынган малчылардын жайытка пайдалануучу 7 даана малчылар үйлөрүн Жаргылчак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин.

 

2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Т.Д. Кызалаков