ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айылдык кеңеши ХХVIII чакырылышынын 16 сессиясы
2023-жылдын 24-апрелиндеги № 23
“Ырдык айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын кайрылуусу жөнүндө”
Ырдык айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Ырдык айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Арыков А.К га дарылануусуна материалдык жардам берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 16 - сессиясы токтом кылат.
1. Ырдык айылынын жашоочусу Арыков А.К. дарылануусуна жардам 20 000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Д. Кызалаков |