ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXIX сессия
2024-жыл 29-март №1
“Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңеши” мекемесин кайра түзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгын, Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Депутаттардын Жалалабад шаардык Кеңеши” мекемесине “Таш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши” Мекемесин кошуу жолу менен “Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңеши” мекемеси болуп кайра түзүлсүн.
Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: “Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңеши” мекемеси.
-Расмий тилде: Учреждение “Жалал-Абадский городской кенеш депутатов”.
Кыскартылган фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: “Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңеши” М-е.
-Расмий тилде: У-е “Жалал-Абадский городской кенеш депутатов”.
2. “Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңеши” мекемесине өткөрүп берүү актысы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. “Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңеши” мекемесинин Жобосу бекитилсин.
4. “Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңеши” мекемесинин юридикалык дареги болуп, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Жусупбек Бакиев көчөсү №38 болуп аныкталсын.
5. Мекеме Кыргыз Республикасынын иштөөдөгү мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
Токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган докуметтердеги маалыматтардын аныктыгы ырасталат.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдетин Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төагасынын орун басарларына милдеттендирилсин.
8. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www. jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
Н.Орозбаев |
Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXXIX-сессиясынын №1-токтомуна тиркеме |
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин Жобосу
1. Жалпы жоболор
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин (мындан ары-шаардык кеңеш) Жобосу юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда шаардык депутаттар кеңеши юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана шаардык депутаттар кеңешинин ишин жөнгө салат.
2. Шаардык кеңеш – өз ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашыра турган жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органы.
3. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңеши юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланктары жана башка атрибуттары болот.
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңеши” мекемеси.
- расмий тилде: Учреждение “Жалал-Абадский городской кенеш депутатов”.
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңеши” м-и.
- расмий тилде: У-е “Жалал-Абадский городской кенеш депутатов”.
Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаары, Жусупбек Бакиев көчөсү, № 38 Индекс 715 600
4. Шаардык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5. Шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык жана эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.
2. Шаардык кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери
6. Шаардык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы - сессия болуп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, ошондой эле Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин Регламенти менен аныкталат.
7. Шаардык кеңештин компетенциясы, шаардык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби, шаардык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын укуктары жана милдеттери, шаардык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана шаардык депутаттар кеңешинин регламенти менен жөнгө салынат.
3. Шаардык кеңештин чечимдери
8. Шаардык кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага шаардык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда шаардык кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.
9. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары - буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү шаардын аймаганда милдеттүү юридикалык күчкө ээ.
Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актылары “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
Шаардык кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Шаардык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин шаардык кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.
Шаардык кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
11. Шаардык кеңештин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
4. Шаардык кеңешке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик
12. Шаардык кеңештин мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар шаардык кеңештин алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
13. Шаардык кеңештин мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.
5. Корутунду жоболор
14. Шаардык кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен ишке ашырылат.
15. Шаардык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана докуметтердин сакталышы үчүн жоопкерчилик шаардык мэрияга жүктөлөт. Шаардык кеңештин документтери «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Мыйзамга ылайык сакталат.
Төрага: |
Н.Орозбаев |