Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXIX сессия

 

2024-жыл 29-март №2

 

“Жалал-Абад шаарынын 2023-жыл ичинде социалдык-экономикалык

өнүгүүсүнүн абалы жөнүндө шаар мэринин отчетун угуу”

 

    Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу оргнадары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 6-пунктчасынын негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэринин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынан пайдаланылышы, шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын аткарылышы жөнүндө отчетун угуп, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXXIX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Жалал-Абад шаарынын мэринин 2023-жылы аткарган иштери жөнүндө отчету канаттандыраарлык деп табылсын.

 

2.    Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

 

3.    Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

 

Төрага:

 

Н.Орозбаев