ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясынын
2023-жылдын 26-июнундагы № 28
Мергенчиликтен келип түшкөн акча каражатын пайдалануу жөнүндө
Мергенчиликтен Жаргылчак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдык бюджетине келип түшкөн 3 780 000 акча каражатын пайдалануу максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 18 сессиясы токтом кылат:
1. Мергенчиликтен келип тушкөн 3 680 000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнө Автогрейдер тракторун сатып алуу үчүн пайдалансын.
2. Сыртка баруучу Жууку ашуусунун жолдорун оңдоо үчүн Жети-Өгүз районундагы уюшулган “Иштерман” муниципалдык ишкана чарбасынын эсеп счетуна 100 000 сом акча каражаты которулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Ишебаевге тапшырылсын.
4. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Т.Телгозиевага тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Д. Кызалаков |