ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 18-сессиясынын
2023-жылдын 26-июнундагы № 29
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн “Айылдык чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларынын өнүктүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Айылдык чарба кооперативдерин, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларын өнүктүрүү жөнүндөгү” № 309 токтомунун аткарылышы жөнүндө КР айыл чарба министрлигинин 19.09.2022-жылдагы № 329 НИ буйругу менен мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акылардын баасын бекитүү максатында, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 18 сессиясы токтом кылат:
1. Аймактагы ФПСтин жерлеринин ижара акылары, сугат жерлерге 1 гектарына-5032,60 сом жана алма бак жерлерине 1 гектарына-5376 сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Д. Кызалаков |