Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXIX сессия

 

2024-жыл 29-март №7

 

“Жалал-Абад шаарынын Р.Азимов көчөсүндөгү №96г дарегинде жайгашкан имаратты Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө”

 

    Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 25.03.2024-жылдагы чыг.№01-19/1405 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXXIX сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Жалал-Абад шаарынын Р.Азимов көчөсүндөгү №96г дарегинде жайгашкан 77,0 чарчы метр имаратты муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин.

2.     Мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.

3.     Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

4.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5.     Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага:

 

Н.Орозбаев