ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 07-августундагы № 35
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн Ак-Терек таза суусуна акча каражатын которуу максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. 2023-жылдын бюджетинде каралган Ж.Жунушев орто мектебинин электр чубалгыларын алмаштырууга деп бөлүнгөн 2 000 000 сом жана комбайн сатып алууга деп бөлүнгөн 2 100 000 сом акча каражаттарын Ак-Терек таза суусуна труба сатып алуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү иш алып баруу жана каралган акча каражаттарын беренеден беренеге которуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Ишебаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Т.Телгозиевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т.Д. Кызалаков |