ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 19-сессиясынын
2023-жылдын 18-сентябрындагы № 39
“Айыл өкмөтүнүн Кичи-Жаргылчак айылындагы кичи футбол аянтчасына Д.Б.Сокоевдин ысымын берүү жөнүндө”
Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кичи-Жаргылчак айылындагы кичи футбол аянтчасына Д.Б.Сокоевдин атын берүү кайрылуусун карап чыгып, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 19 сессиясы токтом кылат:
1. Кичи-Жаргылчак айылындагы кичи футбол аянтчасына Сокоев Данияр Белековичдин ысмы ыйгарылсын.
2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Д. Кызалаков |