Редакцияот 19.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 21-сессиясынын

 

2023-жылдын 19-декабрындагы № 47

 

Жаргылчак айыл өкмөтүнүн аймак жашоочуларын сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө

Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 2023-жылдын жыйынтыгын чыгаруу үчүн жыл мыктыларын сыйлоо максатында, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 21 сессиясы токтом кылат:

 

1. Жаргылчак айыл аймагынын көп жылдык үзүрлүү эмгеги, айыл аймагынын инфраструктурасынын өсүшүнө, келечек муундун өсүп-өнүгүүсүнө, жаш муундарды ыймандуулукка тарбиялап, айыл тургундарын биримдикке жана ынтымакка чакырып, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Ак-Терек айылынын тургуну Жанболотов Турдалы Турпановичке, Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну Стал Бакчиевге, Жеңиш айылынын тургуну Жылкыбаев Камчыбек Матсаевичке, Чоң-Жаргылчак айылынын тургуну Таалайбек уулу Эрмекке, Ак-Терек айылынын тургуну Акматов Нурмукамет Уметкалиевичке, Жеңиш айылынын тургуну Мамыров Жаныбек Токтошевичке Жаргылчак айыл аймагынын “Ардактуу атуулу”наамы ыйгарылсын.

 

2. Аймактагы мекеме-ишканалар арасында “Жыл мыктысы ” номинациялары аныкталып артыкчылык көрсөткөндөр сыйланышсын.

 

3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Т.Д. Кызалаков