ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 21-сессиясынын
2023-жылдын 12-декабрындагы № 48
“Айыл өкмөтүндө “Кызга сеп” ишканасынын ижара убактысы жөнүндө”
Жаргылчак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Ак-Терек айылындагы “Кызга сеп” ишканасынын жетекчиси А.Төлөгөнованын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 21 сессиясы токтом кылат:
1. “Кызга сеп” ишканасынын ижара убактысы 2023-жылдан 2030-жылга чейин узартылып берилсин.
2. Жаргылчак айыл өкмөтү менен ижарага берүү-алуу келишимин кайрадан түзүү “Кызга сеп”ишкананын жетекчиси А.Төлөгөновага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Д. Кызалаков |