ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 21-сессиясынын
2023-жылдын 19-декабрындагы № 50
Жеңиш айылынын тургуну Асеинов Табылдынын кайрылуусу жөнүндө
Жаргылчак айыл аймагынын Жеңиш айылынын жашоочусу Асеинов Табылдынын кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 21 сессиясы токтом кылат:
1. Жаргылчак айыл аймагынын Жеңиш айылынын жашоочусу Асеинов Табылды Касиевичке тиешелүү жеке менчик жер участогуна бала бакча курууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Д. Кызалаков |