Редакцияот 19.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 21-сессиясынын

 

2023-жылдын 19-декабрындагы № 51

 

Жеңиш айылынын тургуну Асанкожоев Максат Жеңишовичтин кайрылуусу жөнүндө

 

Жаргылчак айыл аймагынын Жеңиш айылынын жашоочусу Асанкожоев Максаттын кайрылуусун карап чыгып Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 21 сессиясы токтом кылат:

 

1. Жеңиш айылынын жашоочусу Кутунаев Эсенбек Төлөновичтин дарылануусуна жардам 80 000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.

 

2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ургазиевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Ишебаевге сессиянын токтомунун негизинде жогоруда аталган жумушту каржылоо жагы милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Т.Д. Кызалаков