Редакцияот 05.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 05-апрели № 69/XIX-28

 

“Нур Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тамак-ашы үчүн ата-энелердин кошумча төлөмүн бекитүү жөнүндө

 

“Нур Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин директору А. Н. Абдылдаеванын тамак-аш үчүн ата-энелердин кошумча төлөмү ар бир балага бир күнгө 50 сомдон 70 сом өлчөмүндө көтөрүп   бекитип берүү  сунушун угуп жана талкуулап Кочкорбаев айылдык кеңеши,                                       

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.            Кочкорбаев айыл аймагындагы “Нур Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тамак-аш үчүн ата-энелердин кошумча төлөмү ар бир балага бир күнгө  50 сомдон 70 сом өлчөмүндө көтөрүлүп   бекитилсин.

2.            Бул токтомду көзөмөлдөө жагы каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

    Төрага

 

Э. Токбергенов