Редакцияот 12.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чалма айылдык кеңешинин кезексиз он сегизинчи сессиясынын (VII шайланган) жыйналышынын

 

2023-жылдын 12-июлу № 18/2

Чалма айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Типтүү уставын бекитүү жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө “Мыйзамынын 15-беренесинин  талаптарына ылайык  Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Чалма айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарынын, жергиликтүү жамааттын Типтүү уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан депутаттардан түшкөн сын пикир сунуштарын эске алып ,Чалма айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук,укук тартиби.Кеңештердин иштери депутаттык этика, коомдук уюмдардын саясий партиялардын дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп,талкуулап Чалма айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө “Мыйзамынын 31-беренесинин  2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып токтом кылат:

       1.Тиркемедеги Чалма айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү уставы бекитилсин.

       2.Ушул токтомду жана тиркемедеги жергиликтүү жамааттын Типтүү уставын расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Чалма айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

     3. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы   Чалма айылдык Кеңешинин  баардык туруктуу комиссияларына  тапшырылсын.

     4.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төрага

 

А. Кадыркулов