К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 35- отурумунун
2023-жылдын 12-сентябры № 35/2
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Сопу-Коргон айылынын тургуну Мойдиева Мээргүл Өмүрбековнанын кайрылуусун кароо жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн өкмөтүнүн Сопу-Коргон айылынын тургуну Мойдиева Мээргүл Өмүрбековнанынкайрылуусунун негизинде тиешелүү иш кагаздарын карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 1-пунктуна жана 49-беренесинин 1-6-пунктуна ылайык К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнүн Сопу-Коргон айылынын тургуну Мойдиева Мээргүл ӨмүрбековнагаК.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу Сопу-Коргон айылынын Кайыңды участкасынын калктуу конушунун чегинде жайгашкан муниципалдык менчикте турган 200,00 чарчы метр жер аянты турак жай курууга чектелип берилсин.
2.Тиешелүү юридикалык документтерин Мойдиева Мээргүл Өмүрбековнаныннаамына даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына, ошондой эле «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жүктөлсүн.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |