БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы
2023-жылдын 05 октябрындагы № 3
Багыш айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан берилген 1326,0 миң сом компенсацияны зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн №01-15/699 27.09.2023-жылдагы “Багыш айыл ѳкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан берилген 1326,0 миң сом коппенсацияны зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө” кайрылуусун жана Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципиалдык менчик, инвентиция, ишкердик, транспорт,кызмат кѳрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын протоколудук чечимин карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
70111-апарат бөлүмүнө: жалпы 235,0 мин сом
- 2221 статьясына 100,0 миң сом өкмөттүн имаратына электр жабдыктарын сатып алуу.
- 2215 статьясына Веб-сайт ачууга 30,0 миң сом, карылар күнүнө 50,0 миң сом, Социалдык коргоо жана профсоюз уюмунун кесиптик күнүнө 15,0 миң сом, милициялар күнүнө карата 15,0 миң сом.
- 2222 статьясына 25,0 мин сом кеңсе товарларын сатып алуу үчүн.
70111- Айылдык кеңеш: жалпы 145,0 миң сом
-3112 статьясына жыйындар залына кеңсе эмеректерин алууга 90,0 миң сом.
-2222-статьясына кеңсе товарларын алууга 40,0 миң сом.
-2211- статьясына сапар чыгымына 15,0 миң сом.
70629-Турак Жай бөлүмү: 786,0 миң сом.
- 3111 статьясына жалпы 506,0 мин сом, анын ичинен, оорукананын жанындагы скважинага бочок алууга 200,0 миң сом, Сафаровка айылынын Токтомамбетов көчөсүнө электр чубалгыларын жана шаймандарын алуу үчүн 139,0 мин сом, Беш-Бала айылынын Сары-Болуш көчөсүнө электр жарыктандыруу чырактарын алууга 137,0 мин сом, Октябрь айылынын Мичурин көчөсүнө электр жарыктандыруу чырактарын алууга 30,0 мин сом.
-3112-статьясына Багыш айылына фельшердик акушердик пунктка эмерек алууга 50,0 мин сом.
-2221 статьясына 230,0 миң сом, анын ичинен: Кедей-Арык айылына шагыл төшөө 50,0 мин сом, Октябрь айылынын талаага кеткен жолго шагыл төшөө 100,0 мин сом, Сафаровка айылынын Токтомбетов көчөсүнө шагыл төшөө 50,0 миң сом, Сафаровка айылына Качкын Турдубаев көчөсүнө шагыл төшөө учун 30,0 мин сом.
70921-Орто мектептер бөлүмү жалпы 100,0 миң сом.
-2222 статьясына Орто мектептерге Өрт коопсуздугунун алдын алуучу шаймандарды алууга 100,0 миң сом.
70911-Бала бакча бөлүмүнө: жалпы 20,0 миң сом.
-3112-статьясына “Таалимтай” бала бакчасына электр эсептегич алууга 20,0 миң сом.
71092-Социалдык камсыз кылуу бөлүмүнө: жалпы 40,0 миң сом
-2721-статьясына Ден-соолугуна байланыштуу, Индия мамлекетине дарылануу үчүн Алымова Упаканга социалдык жардамга 40,0 миң сом болуп жалпы 1326,0 миң сомдук акча каражатын жогоруда аталган беренелерге бекитип берилсин.
Төрага |
| Ж.Сейдахматов |