К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 35- отурумунун
2023-жылдын 12-сентябры № 35/4
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу «Акпари-эне» бала бакчасындагы ата-энелерден алынуучу төлөмдөрдүн каржылануусу жөнүндө
К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүнө караштуу «Акпари-эне» бала бакчасындагы ата-энелерден алынуучу төлөмдөр жана анын каржылануусу боюнча билдирүүнү талкуулап, К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Акпари-эне» бала бакчасындагы балдардын ыссык тамак-ашына деп, ата-энелерден алынуучу төлөмдөр 600 (алты жүз) сом болуп белгиленсин .
2.Ата-энелерден алынуучу төлөмдөрү өз убагында топтолуп, 500 сому балдардын тамак ашына атайын каражатка бөлүнсүн жана калган 100 сому айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фондуна төгүлүп, кайра балдар бакчасын өнүктүрүүгө жумшалсын.
3.Бардык финансылык каражаттарды мыйзам чегинде иштетүү «Акпари-эне» бала бакчасынын башчысына жана тиешелүү кызмат адамдарына милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
5.Токтомду көзөмөлдөө жагы Билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маселелер, жаштар жана спорт иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
К. Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Л.Койчиев |