БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы
2023-жылдын 05 октябрындагы № 9
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 04.10.2023-жылдагы № 01-15/713 кайрылуусун кароо жѳнүндѳ
Багыш айыл ѳкмѳтүнүн 04.10.2023-жылдагы № 01-15/713 «Багыш айылынын тургундары турак үйү жок, ѳтѳ жакыр, муктаж М.Сатыбаевага, К.Жолболдуевге, ДМЧ К.Джакиповага турак үй салуу үчүн, РТС участкасындагы калктуу конушка кирген, бош жаткан жер аянтын турак үй курууга чечим чыгарып берүү жѳнүндѳ» кайрылуусун карап, талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Октябрь айылындагы РТС участкасында жайгашкан калктуу конуш жеринен бош жаткан 0,15 гектар жер тилкесин турак үй куруу үчүн мыйзам чегинде берүүгѳ уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы Багыш айыл ѳкмѳт башчысы Н.Самидиновго жүктѳлсүн.
3. Токтом Багыш айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Төрага |
| Ж.Сейдахматов |