Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXIX сессия

 

2024-жыл 29-март №8

 

“Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы жер тилкесинин укуктук зонасынын категориясын өзгөртүү жөнүндө”

 

      Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 25.03.2024-жылдагы чыг.№01-19/1422 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында карап чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезексиз XXXIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.           Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүнүн №8 дарегинде жайгашкан

Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы 8640,0 чарчы метр жер тилкесинин Ц-2 (жергиликтүү маанидеги тейлөө жана коммерциялык активдүүлүк) укуктук зоналык категориясынан П-1 (өндүрүш) укуктук зоналык категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.           Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүнүн №8 дарегинде жайгашкан

Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы 8640,0 чарчы метр жер тилкесине унаа жыйноочу цех катары пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.

3.           Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Ж.Борүкулов) мыйзам талаптарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

4.            Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаарындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

5.           Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.

6.            Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

7.            Ушул токтом Жалал-Абад  шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага:

 

Н.Орозбаев