ДѲБѲЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 8 -сессиясынын
2023-жылдын 3-ноябры № 8/2
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 3 -сессиясынын 3/2 Токтому Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылы кошумча акча каражатынан бөлүү жөнүндөгү токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жыл ичинде акча каражаттарын айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдө приоритеттүү деп табылган статьяга өзгөртүү киргизүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга кошумча акча каражатынын көлөмү 691,2 сомго бекитилсин.
2. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын кошумча акча каражатын 334,2 сомго төмөндөгүдөй статьяларга жумшалсын.
№ | Статья | Мазмуну | Сумма |
1 | 2218 | Тамак-аш азыктарын алуу | 195,3 |
2 | 2221 | Учурдагы ремонт | 88,8 |
3 | 2222 | Учурдагы чарбалык максаттар | 50,1 |
Баары | 334,2 | ||
3. Акча каражатын которуп берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси Э. Айсаевага тапшырылсын.
4. Ушул токтомду Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.dobolu.gov.kg веб-сайтына жарыялоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Ж. Касымова милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдеттендирилсин.
Төрага |
| К. Субанбеков |