ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI отуруму
2023жылдын 24-январы № 16/2
Ленин айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы, 2022-жылдын бюджети боюнча маалымат, 2023-жылга бюджетин бекитүү жана 2024-2025-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20.12.2021-жылдагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 мыйзамынын 34-беренесине ылайык Ленин айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. 2021-жылга кирешенин аткарылышы33050,2миң сом, анын ичинен теңдештирүүчү трансферт13827,5 миң сом , өздүк киреше5863,6миң сом анын ичинен атайын каражат 947,2миң сом ,өткөн жылдан калган калдык2158,0 миң сом , республикалык бюджеттен берилген максаттуу трасферттер1121,6миң сом жана чыгашабөлүгү 21638,9миң сомго бекитилсин.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылга карата киреше бөлүгү 27063,5миң сомго (анын ичинен өткөн жылдан калган калдык 863,5миң сом , атайын каражаттан өткөн жылдан калган калдык 235,9миң сом , теңдештирүүчү трансферт 13507,0миң сом, өздүк киреше 7810,9миң сом , анын ичинен атайын каражат 1609,4миң сом республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү максаттуу трансферттер 4646,2 миң сом) жана чыгаша бөлүгү 25411,6миң сомго аткарылышы боюнча маалыматы жактырылсын
3. Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү 28516,8миң сомго бекитилсин анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 20550,0миң сом, өздүк киреше 7966,8 миң сом, болгондугу белгиленсин. (анын ичинен атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 1512,0миң сом
4. Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылга карата болжолдуу планы30222,8миң сомго, (анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 20550,0 миң сом, өздүк киреше 9672,8миң сом) 2025-жылга карата болжолдуу планы 30569,3 миң сомго (анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 20550,0 миң сом , өздүк киреше 10019,3миң сом) бекитилип, мыйзам чегинде толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кабыл алынсын.
5. Жергиликтүү жана Республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражатын чыгымдоону жыл ичинде өз максатында, сарамжалдуу пайдалануу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү кызматкерлеринен, бардык билим берүү жана маданият тармагынын мекемелеринин жетекчилеринен талап кылынсын, ошондой эле аны көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Б. Мамановго тапшырылсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Артыковго милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Орозали уулу Таалайбек |