Редакцияот 24.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVI отуруму

2023-жылдын 24-январы № 16/3

Ленин айыл өкмөтүнүн  2022-жылдагы жергиликтүү бюджетинин  өздүк кирешесинен калган калдык 1547,3 миң сом акча каражатын 2023-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө

Ленин айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен  1547,3 миң сом калган калдык акча каражатын 2023-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык Кеңешинин  бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин  жана айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.Артыковдун 2023-жылдын 24-январындагы  билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Ленин  айылдык Кеңеши  токтом кылат:                                

1.Ленин айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен  1547,3 миң сом калган калдык акча каражатын 2023-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б Артыковдун билдирүүлөрү эске алынсын.

 Аталышы

    Бөлүк

   Берене

Сумма (миң сом)

Балдар бакчасы

70911

31112290

49,7

  ЖКХ

70629

31113390

1497,6

  Жыйынтыгы:

1547,3

2.Ленин айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 1547,3 миң сом  калган калдык акча каражаты төмөндөгү беренелерге  иштетилсин.  

3.2022-жылдан калган калдык акча каражатын 2023-жылдын сметасынын чыгаша бөлүгүнүн керектелүүчү беренесине отургузуп,тиешелүү эсептерди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Мамановко жүктөсүн.

 4.Акча каражатын иштетүүгө уруксат берүү   Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

5.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана   айыл өкмөтүнүн башчысы   Б.Артыковго милдеттендирилсин.                                                                                                                               

 

Ленин айылдык кеңешинин төрагасы:

 Орозали уулу Таалайбек