КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 17-ноябры № 609
2023-жылдын 8-июнунда Сочи шаарында кол коюлган КМШга катышуучу мамлекеттердин радиациялык жагдайга мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтарын алмашууда өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-жылдын 8-июнунда Сочи шаарында кол коюлган КМШга катышуучу мамлекеттердин радиациялык жагдайга мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтарын алмашууда өз ара аракеттенүүсү жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология техникалык көзөмөл министрлиги ушул Макулдашуудан келип чыгуучу милдеттенмелерди аткаруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарлоо жиберсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 93 (3542) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |