ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXIX сессия
2024-жыл 29-март №10
“Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков эс алуу багында жайгашкан
муниципалдык балдар ойноочу жайдын кирүү акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27-беренесин негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 06.03.2024-жылдагы чыг.№01-19/1069 сандуу катты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кезексиз XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков эс алуу багында жайгашкан муниципалдык балдар ойноочу жайдын кирүү акысынын тарифи №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына мыйзамдын талаптарын сактоо менен мүлктү натыйжалуу пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: |
Н.Орозбаев |
Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXXIX-сессиясынын №10-токтомуна №1-тиркеме |
Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков эс алуу багында жайгашкан муниципалдык балдар ойноочу жайдын кирүү акысынын тарифи
№ | Кирүү акыларынын төлөмдөрүнүн түрлөрү | Жумуш күндөрү
| Дем алыш күндөрү (ишемби, жекшемби) |
1 жашка чейинки балдарга | акысыз | акысыз | |
1 жаштан 3 жашка чейинки балдарга | 150 сом | 180 сом | |
3 жаштан жогорку балдарга | 200 сом | 280 сом | |
Электрондук ойноочу жабдуулар Алардын ичинен: 1) Чоӊ ойноочу жабдуу (саны-6 анын ичинен 2 хоккей борд) | 5 минутасы 80 сом | 5 минутасы 80 сом | |
2) Орточо ойноочу жабдуу (саны-7) | 5 минутасы 50 сом | 5 минутасы 50 сом | |
3) Кичине ойноочу жабдуу (саны-5) | 5 минутасы 30 сом | 5 минутасы 30 сом | |
Туулган күн ээсине | акысыз | акысыз | |
1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдүн балдарына (Жалал-Абад шаардык мэриясынын иш чарасына ылайык гана 1 күнгө) | акысыз | акысыз | |
3-декабрь –Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардардын Эл аралык күнүнө карата (Жалал-Абад шаардык мэриянын иш чарасына ылайык гана 1 күнгө) | акысыз | акысыз |
Жооптуу катчы |
О.Эшенкулов |