Редакцияот 27.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVII отуруму

2023-жылдын 27-февралы № 17/1

Ленин айыл өкмөтүнө ГЭС куруу боюнча уруксат берүү жөнүндө ОсОО “Алай ГЭС” жетекчиси Базарбаева Гулжан Алмаматовнанын арызы жана Күң-Элек айылынын тургундарынын 2023-жылдын 24-февралындагы жыйынынын №3 протоколу жөнүндө

Ленин айыл өкмөтүнө ГЭС куруу боюнча ОсОО “Алай ГЭС” жетекчиси Базарбаева Гулжан Алмаматовнанын 2023-жылдын 21-февралындагы арызын жана Күң-Элек айылынын тургундарынын 2023-жылдын 24-февралындагы жыйынынын №3 протоколун угуп жана талкуулап, Ленин айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:

1.Ленин айыл өкмөтүнөкараштуу Гүлчө дарыясына  ОсОО “Алай ГЭС” жетекчиси Базарбаева Гулжан Алмаматовнага арызынын жана Күң-Элек айылынын тургундарынын 2023-жылдын 24-февралындагы жыйынынын №3 протоколунун негизинде ГЭС курууга  макулдук  берилсин.

2. Ленин айыл өкмөтү тарабынан макулдук берилген жерге жыл ичинде ОсОО “Алай ГЭС”, ГЭС куруу иштерин баштабаса уруксат берилген жер айыл өкмөтүнүн балансасына кайтарылып алынсын.

3.Тиешелүү документтерди мыйзам чегинде карап жерди тактоо айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине,ӨК жанажерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Д.Тугөлбаевге милдеттендирилсин.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Б.Артыковго тапшырылсын.

 

Ленин айылдык кеңешинин төрагасы:

 Орозали уулу Таалайбек