ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII отуруму
2023-жылдын 6-апрели № 18/1
Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынындагы эски үгүт үйүнүн алдына заманбап мечит куруу боюнча Согонду айылынын тургундарынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги жыйынынын №5 протоколу жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынындагы эски үгүт үйүнүн алдына заманбап мечит куруу боюнча Согонду айылынын тургундарынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги жыйынынын №5 протоколун угуп жана талкуулап, Ленин айылдык кеңешинин отуруму
токтом кылат:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду айылынындагы эски үгүт үйүнүн алдына заманбап мечит куруу боюнча Согонду айылынын тургундарынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги жыйынынын №5 протоколунун негизинде мечит курууга макулдук берилсин.
2. Айылдык кеңештин VI чакырылышынын кезектеги 2017-жылдын 10-апрелиндеги №5/6 токтомунун негизинде үгүт үйүнүн алдындагы берилген бактын чөбү Б.Арзиева атындагы балдар бакчасынын көмөкчү чарбасына калтырылсын.
3.Тиешелүү документтерди мыйзам чегинде карап жерди тактоо айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине, ӨК жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Д.Тугөлбаевге милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Б.Артыковго тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: | Орозали уулу Таалайбек |