Редакцияот 05.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКТОМ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXVII СЕССИЯСЫ

 

2023-жылдын  5-октябры  №156/27-5

 

 

«Айнек» мектепке чейинки билим берүү уюмун «Американ-Европеан Скул»  жеке мектебинин филиалын ачуу үчүн убактылуу пайдаланууга берүү маселесин кароого Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 29-сентябрындагы №1-15/2920 кайрылуусун карап жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.«Айнек» мектепке чейинки билим берүү уюмун «Американ-Европеан Скул»  жеке мектебинин филиалын ачуу үчүн убактылуу пайдаланууга берүү маселесин кароого Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.

2.Токмок шаарынын мэри (Нусувалиев М.О.) бул иш-чараны ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын так жетекчиликке алсын.

3.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Т.М. Сансызбаев