ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVII сессиясынын
2024-жыл 19-февралы №533
“ Терек-Сай” айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесине “Сумсар айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин кошуу жөнүндө.”
Терек-Сай айылдык Кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XXXXVII сессиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 20-февралындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин жана “Сумсар айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесин бириктирүү жолу менен “Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемеси болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Терек-Сай ” айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесинин төрагасы М.Тойчуевге жүктөлсүн.
3. “Терек-Сай ” айыл аймагынын айылдык кеңеши” мекемесине өткөрүп берүү актысы Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин 2024-жылдын 12-мартындагы № 86-б буйругуна ылайык жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Терек-Сай айылдык Кеңешинин www.terek-say-kenezh.qov.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Тойчуев М.С. |