Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын

 

2023-жылдын 27-сентябрындагы № 72

 

“Админстративдик аймактык реформанын долбоорун жактыруу жөнүндө”

(Ак-Жар айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 05-октябрындагы № 74 токтомунун редакциясына ылайык)

“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022- жылдын 18-октябрындагы Кыргыз Республикасынын админстративдик- аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнуктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө” ПЖ № 350 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Өзгөн районунда Админстративдик аймактык реформаны жүргүзүү боюнча долбоору менен таанышып чыгып, Ак-Жар айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Өзгөн районунун Ак-Жар, Көлдүк айыл аймактарын бириктирүү долбоору колдоого алынсын.

(Ак-Жар айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 05-октябрындагы № 74 токтомунун редакциясына ылайык)

 

2. Бириккен айыл аймагынын аталышы “Ак-Жар” деп аталып, борбору Ак-Жар айылына жайгашуусу жактырылсын.

(Ак-Жар айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 05-октябрындагы № 74 токтомунун редакциясына ылайык)

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жар айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, адам укугун коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

(Ак-Жар айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 05-октябрындагы № 74 токтомунун редакциясына ылайык)

Төрага

 

Турдали у. К.