Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-ноябрындагы № 614 токтомуна)
Көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин курууга жеке же юридикалык жактардын финансылык каражаттарын тартуунун тартиби жана шарттары жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги N 147 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо заказчы (куруучу) тарабынан жеке жана юридикалык жактардын финансылык каражаттарын тартуу менен көп батирлүү үйлөрдү жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин курууну жүзөгө ашыруунун шарттарын аныктайт.
1-1. Ушул Жобонун ченемдери ипотекалык турак жай кредитин берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында үлүштүк каржылоо механизмдерин пайдалануу менен турак жайды курууга жайылтылбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги N 147 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) башкы подрядчы - тиешелүү уруксат берүүчү документтери, анын ичинде лицензиясы бар курулуш уюму, ал заказчы (куруучу) менен түзүлгөн келишимдин негизинде (заказчы (куруучу) бир эле юридикалык жак же жеке ишкер болуп эсептелгенден башка учурларда) зарылдыгына жараша курулуш объектинин долбооруна ылайык жана курулуш объектин куруу боюнча башкы подрядчы менен келишим боюнча жумуштардын атайын же айрым түрлөрүнүн бөлүгүн, анын ичинде курулуш объектин эксплуатацияга берүү иштерин аткарган башка уюмдарды субподрядчы катары тартуу менен курулуш объектинин долбоорунда жана объектти куруу боюнча келишимде каралган бардык иштерди аткарат;
2) объекттин курулуш иштерин жүргүзүү графиги - курулуш объектинин долбооруна ылайык курулуш-монтаждоо иштеринин толук тизмеси, алардын ырааттуулугу жана ишке ашыруу мөөнөттөрү;
3) курулуш объектинин предметине карата түзүлүүчү келишимдер (мындан ары - келишим) - заказчы (куруучу) менен жеке же юридикалык жактын ортосунда төмөнкүдөй түрдө жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдер:
- курулуш объектин куруу этабында алдын ала келишимдин жана андан кийин курулуш объектинин курулуш иштери аяктагандан кийин, курулуш объекти эксплуатацияга берилгенден кийин жана аны кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо органдарында жана алар менен болгон бүтүмдөрдү жол-жоболоштургандан кийин курулуш объектинин предметин кардардын менчигине сатуу жөнүндө негизги келишим түрүндө түзүлүүчү;
- же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык курулуш объектинин предметине түзүлүүчү келишимдердин башка формаларында;
4) заказчы (куруучу) - Реестрге киргизилген, курулуш объекти эксплуатацияга берилгенге чейин курулуш объектине кардарлардын каражаттарын тартуу укугуна ээ болгон жана белгилүү бир жер участогунда курулуш объекти боюнча курулуш иштерин жүргүзүү үчүн уруксат берүүчү документтери бар бир же бир нече юридикалык жактар же жеке ишкерлер;
5) кардар - бул курулуш объекти эксплуатацияга берилгенге чейин курулуш объектинин бир же бир нече предметин менчикке өткөрүү максатында заказчы (куруучу) менен келишим түзгөн жеке же юридикалык жак;
6) курулуш объекти - турак жана турак эмес жайлардан жана жалпы пайдалануудагы жерлерден турган көп батирлүү үйлөр жана (же) өзүнчө курулган, ошондой эле кварталдын, кичи райондун же пландоо түзүмүнүн башка элементинин курулушуна кирген коммерциялык жана коммерциялык эмес объекттерди (коомдук-маданий, административдик-ишкердик, соода-тиричилик имараттары жана курулмалары) куруу менен байланышкан кыймылсыз мүлктүн башка объекттери;
7) курулуш объектинин предмети - келишимдерде каралган шарттарда кардарлар тарабынан сатып алынуучу курулуш объектинин турак жана турак эмес жайлары;
8) долбоордук жалпы аянт - курулуш объекти эксплуатацияга берилгенге чейин курулуш объектинин долбоорунда көрсөтүлгөн турак жана турак эмес жайлардын, ошондой эле курулуш объектинин жалпы пайдалануудагы жайларынын жалпы аянттарынын суммасы;
9) курулуш объектинин долбоору - кандайдыр бир имаратты, курулманы же алардын комплексин куруу боюнча алдын ала даярдалган, техникалык жана экономикалык эсептөөлөр менен негизделген жана графикалык жактан сүрөттөлгөн чечим;
10) курулуп жаткан объекттердин реестри (мындан ары - Реестр) - курулуш объекттери жөнүндө, курулуш объектине кардарлардын финансылык каражаттарын тартуучу заказчылар (куруучулар) жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде башкы подрядчы жөнүндө, ошондой эле мамлекеттик экспертизалардын бар экендиги жөнүндө жана көйгөйлүү курулуш объекттери жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү электрондук маалымат базасы;
11) курулуш объектинин предметинин наркы - заказчы (куруучу) келишимде көрсөтүлгөн курулуш объектинин предметин кардарга сата турган баа;
12) субподрядчы - башкы подрядчы (куруучу) менен түзүлгөн келишимге ылайык курулуш объектин куруу боюнча жумуштардын атайын же айрым түрлөрүн аткаруучу юридикалык же жеке жак, жеке ишкер;
13) заказчыны (куруучуну) финансылык камсыз кылуу - жеке ишкердин өздүк акча каражаттары менен ырасталган юридикалык жактын түзүлгөн уставдык капиталынын өлчөмү менен аныкталуучу, ишкердик ишти жүргүзүү үчүн пайдаланылуучу заказчынын (куруучунун) өздүк каражаттары;
14) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрү.
3. Кыймылсыз мүлк объектин курууда юридикалык жак бир эле учурда курулуштун бир объектинде заказчы (куруучу) жана башкы подрядчы боло алат жана юридикалык жакка жана жеке ишкерге берилген тиешелүү уруксат берүүчү документтери, тиешелүү мамлекеттик орган бекиткен курулуш объектинин долбоору жана башка уруксат берүүчү документтери болгондо ушул курулуш объектин өз күчү менен курууну жүзөгө ашыра алат.