БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) 8-сессиясы
2022-жылдын 22-январы №8-3
Бел айыл аймагындагы бала бакчаларда тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашына жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндө
Бел айыл аймагындагы бала бакчаларда тарбияланып жаткан бөбөктөрдүн тамак-ашына жергиликтүү бюджеттен акча каражатын кароо жөнүндөгү маселесин угуп жана талкуулап Бел айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) 8-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Бел айыл аймагындагы бала бакчаларда тарбияланып жаткан ар бир баланын тамак-ашына 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен ай сайын 14 (он төрт) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бел айыл аймагы боюнча 29 жакыр үй-бүлөөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүү максатында 1 балага ай сайын белгиленген мүчөлүк акынын 50 пайызын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоого макулдук берилсин.
3. Бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу иштетилишине жоопкерчилик, бала бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилип, көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А.Шамуратовго жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн милдетин аткаруучу Ж.Сайдаматовго тапшырылсын.
Төрага | А. М. Ураимов |