Редакцияот 06.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

2023-жылдын 6-сентябры № 10

Эгембердиев Санжарбектин кайрылуусун кароо жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 06.09.2023-жылдагы №01-19/920 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылынын тургуну Эгембердиев Санжарбектин “Каныш-Кыя Сай” участкасынан бак өстүрүү максатында 0,80гектар жер аянтын көп жылдык мөөнөт менен ижарага пайдаланууга сураган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы токтом кылат:

 

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 06.09.2023-жылдагы №01-19/920 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айылынын тургуну Эгембердиев Санжарбек “Каныш-Кыя Сай” участкасынан 0,80 гектар жер аянтын көп жылдык мөөнөт менен пайдаланууга уруксат берилсин. Мыйзамдуулук менен иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жүктөлсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.

 

Төрага

М.Ш. Аликеев