АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын
2023-жылдын 5-октябры № 76а
“Ак-Жар айыл өкмөтүндөгү социалдык мекемелерди ондоп түзөө жана шарт түзүү жөнүндө”
Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы С.Эшматов атындагы орто мектебинин эски имаратынын жылуулук системасына жана техникалык базасын чыңдоого керектелүүчү жабдууларды сатып алуу үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондуна киргизүү жөнүндөгү мектеп директору Ж.Дадабаеванын сунушун угуп, талкуулап чыгып КРнын бюджеттик кодексине ылайык, Ак-Жар айылдык кеӊешинин кезектеги 13-отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылындагы С.Эшматов атындагы орто мектебинин эски имаратынын жылуулук системасына жана техникалык базасын чыңдоого керектелүүчү жабдууларды сатып алуу үчүн Ош облустук өнүктүрүү фондуна киргизүү жөнүндөгү мектеп директору Ж.Дадабаеванын сунушу колдоого алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, аткарууга алуу айыл өкмөт башчысы К.Максутовго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы бюджеттик салык экономикалык маселелер жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсүн.
Төрага |
| Турдали уулу К. |