АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясынын
2023-жылдын 5-октябры № 77
« Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу жөнундө”
Ак-Жар айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сыйлыктар жана ардактуу наамдарга көрсөтүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат- сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргузүүнү планына киргизген. Ушул максатта Ак-Жар айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылынын тургундарынын 15-октябрь, 2023-жылдагы жыйынынын протоколун угуп талкуулап
Токтом кылат
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык жана маданий жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн, Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылында туулуп өскөн Жоробаев Нурмамат Капаровичке Ак-Жар айылынын тургундарынын 15- октябрь, 2023- жылдагы “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү токтому бекитилсин.
2. “Жоробаев Нурмамат Капарович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу” деп аталсын.
3. Ак-Жар айылында туулуп өскөн Жоробаев Нурмамат Капаровичке Ак-Жар айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” деген эстелик белги тапшырылсын.
4. Токтомду аткарууга алуу жагы, Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага |
| Турдали уулу К. |