КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 23 - сессиясы
2023-жылдын 4-октябры № 23-2
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндөгү” № 350 Жарлыгын аткарууга алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндөгү” №350 Жарлыгын аткарууга алуу максатында, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Жар айыл аймагына Он Эки Бел айыл аймагынын Нарай, Мырза Найман, Он Эки Бел айылдарынын биригүү маселеси колдоого алынсын.
2. Көк-Жар айыл аймагына Найман айыл аймагынын биригүү маселеси колдоого алынсын.
3. Ушул токтомду укутук нормативдик актылар реестрине каттоо үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Арапов |