КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жар айылдык кенешинин 7- чакырылышынын кезектеги 23 - сессиясы
2023-жылдын 4-октябры № 23-3
Элдик Курултайга Көк-Жар айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы №215 “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгына негиз, Көк-Жар айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Жар айыл аймагында Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жыйыны Көк-Жар маданият үйүндө 2023-жылдын 26-ноябрь күнү саат 12:00дө өткөрүлсүн.
2. Көк-Жар айыл аймагынан Жергиликтүү жыйынга айылдын жашоочуларынын санына жараша делегаттардын нормасы 150 (жүз элүү) болуп бекитилсин. (1-тиркеме)
3. Жергиликтүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулуштарын жана жыйындарын өткөрүү графиги тиркемеге ылайык бекитилсин. (2-тиркеме)
4. Жергиликтүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. (3-тиркеме)
5. Чогулуштарды жана жыйындарды, айылдын чогулуш өткөрүлүп жаткан аймагында өткөрүүгө жооптуу болуп тиркемеге ылайык Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттары жана айыл башчылары бекитилсин. (4-тиркеме)
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р.Арапов |