Редакцияот 06.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

2023-жылдын 6-сентябры № 12

Депутаттык мандаттын өзгөрүүсү жөнүндө

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты Таштанбаев Эркебек Жапарбаевичти депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомунун негизинде №2293 участкасынан Жуматаев Абубакир Акматовичти Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаттыгына дайындоо жөнүндө токтомун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомунун негизинде Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты Таштанбаев Эркебек Жапарбаевичти депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда өз каалоосу менен кеткендигине байланыштуу Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаттыгынан бошотулсун жана Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты болуп №2293 участкасынан Жуматаев Абубакир Акматович дайындалсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын өзүмө калтырам

 

Төрага

М.Ш. Аликеев