КӨК-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Ой айылдык кенешинин IX-чакырылышындагы XXXI - сессиясы
2024-жылдын 3-февралы № 31
“Көк-Ой айылдык округдук кенеши” мекемеси, «Долоно айылдык аймактык кенеши», “Нуржанов айылдык аймактык кенеши” мекемеси “Кең-Кол” айыл өкмөтү мекемесине кошулуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүгүзүү жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-мартындагы №177 "Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айыл өкмөттөрүнүн ишин уюштуруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттык саны жөнүндө" токтомун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Көк-Ой” айылдык кенеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Көк-Ой айылдык округдук кенеши” мекемеси, «Долоно айылдык аймактык кенеши», “Нуржанов айылдык аймактык кенеши” мекемеси бириктирүү жолу менен «Кең-Кол айыл аймагынын айылдык кеңеши» болуп кайра түзүлүүгө уруксат берилсин.
2. Мекемелердин мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү актысына кол коюу жагы “Көк-Ой” айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Мурат Шамильге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдү өзүмө калтырам.
Төрага |
| Джусупбеков К.М |