ШАДЫКАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шадыкан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын
кезектеги 1-сессиясы
2024-жылдын 17-январы № 2
«Шадыкан айыл өкмөтүнүн 2024 - жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жана 2025 -2026- жылдарга болжолу жөнүндө»
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шадыкан айыл өкмөтүнүн 2023 - жылга бюджетинин көлөмү киреше, чыгашасы менен 15612,5 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:(мин сом)
Тендоочу грант | -8492,8 мин сом. |
| ||
|
|
| ||
| Жалпы кирешелер |
| ||
|
|
|
|
|
Салык толомдору 4405,6 миң сом.
Салык агенти төлөөчү киреше салыгы – 3854,4 миң сом.
Жеке жактардын транспорттук каражатттарына мүлк салыгы – 300,6 миң сом.
Жанаша,короо-жай жана багбанчылык- огород жер участогуна мүлк салыгы –132,1 миң сом.
Айыл чарба эмес жерлеринен тушкон салык - 26,5 миң сом.
Патенттик негизде салык – 80,0 миң сом.
Турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы - 12,0 миң сом.
Салык эмес киреше булактары - 2714,1 миң сом
Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекттик фондунун жерлерин иштетүү үчүн ижара акысы - 778,1 мин сом.
Жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйым - 108,0 мин сом
Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы - 48,0 мин сом
Калктуу пунктардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым -20,0 мин сом
Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы - 1760,0 мин сом
Чыгышалар бөлүгү 15612,5 мин сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин.
1.Башкаруу аппаратына – 5461,6 миң сом.
2.Билим беруу болумуно – 2430,0 миң сом.
3.Социалдык коргоо болумуно – 487,5 миң сом.
4.ЖКХ болумуно – 2930,7 миң сом.
5.Маданият болумуно – 1444,7 миң сом.
6. Коргонуу бөлүмүнө - 150,0 миң сом.
7. Бала бакчага - 840,0 миң сом.
8.Экономикалык маселелер бөлүмүнө – 108,0 миң сом.
9. Атайын каражат - 1760,0 миң сом.
1. Жергиликтүү бюджетте белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте орголгон статьялар боюнча жумшалсын. (эмгек акы ,соц фонд, коммуналдык чыгым)
2. Жыл ичинде жергиликтуу киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык тушсө ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүнү киргизүү жагы айылдык Кенештин сессиясына сунушталсын.
3. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурларда кварталдан кварталга,сатьядан статьядан, статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде, айылдык өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.
4. Бөлүмдөн бөлүмгө жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы – экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде ,айылдык аймактык кеңештин сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлүүсү белгиленсин.
5. 2023 - жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешенин эсебинен 2024- жылга 2,0 мин сом өлчөмүндө кассалык жүгүртмө каражаттык запас түзүлүп, жыл ичинде керектүү учурларда пайдаланып кайра орду толукталып, жыл этегине чейин эсептик счетто сакталсын.
7. Жергиликтүү бюджеттен 2024 - жылга күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдарда тез – арада куткаруу иштерин уюштуруу жана анын кесепетин жоюу үчүн 150,0 мин сом өлчөмүндө “кол тийгис” акча каражаттарынын запасы түзүлсүн.
8. Ошондой эле Кыргыз ресбубликасынын “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнундо” мыйзамынын 21 статьясынын негизинде 2024 - жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 1% инин эсебинен 130,8 миң сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлүп, айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
9. 2024 – жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн Мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл окмотунун финансы - экономикалык бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
10. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, өткөн жылдардан калган суммаларды толук өндүрүүгө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
11. Салык Кодексинин 328 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар мөөнөтүнөн кечиктирилбей алынсын.
12. Ал эми мектептердин жыл ичиндеги (текущий) ремонтуна каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
13. КР Өкмөтүнүн 2013 – жылдын 30- майындагы №302 токтомунун 1 – пунктунда көрсөтүлгөндөй билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары Билим Берүү Министирлиги аркылуу каржыланаары белгиленсин.
14. Жергиликтүү бюджетти колдоо ирээтинде Республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранттары коргоодогу статьяларына (эмгек акы.соц фондго чегерүү) жана коммуналдык чыгымдарды жабууга каралуусу белгиленсин.
15. Айыл өкмөтүндөгү балдар бакчасынын атайын каражаттарын казыналыктан өткөрбөй туруп пайдаланууга тыюу салынсын. Тартип бузган учурда ал сумма 100% республикалык бюджетке алынаары жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөндүгү эскертилсин.
16. Жергиликтүү бюджеттин 2025-2026- жылдарга болжолу төмөндөгүдөй суммада белгиленсин.
2025 - жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү 16430,1 миң сом анын ичинен тендөөчү грант 8656,0 миң сом, атайын каражат 968,0 миң сом.
2025- жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү 16860,4миң сом анын ичинен тендөөчү грант 8656,0 миң сом,атайын каражат 968,0миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
17. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кенешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.