БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV-сессиясы
2024-жылдын 29-февралы № 117
Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында Биримдик” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү уюштуруу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “ Пилоттук режимде айыл аймактарынынын дээңгээлинде административдик- аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” №735-токтомун, Кыргыз Республикасын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик- аймактык реформа жүргүзүу мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” № 52 токтомун ишке ашыруу максатында Бирлик айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкуулап, Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында “Биримдик” муниципалдык ишканасын түзүүгө макулдук берилсин.
2. “Биримдик” муниципалдык ишканасын түзүү, уставын бекитүү, мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Гафуровго жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Каламов |