Редакцияот 20.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 28-чакырылышынын  уюштуруу  сессиясынан

 

2024-жылдын 20- февралындагы  №1                                           

 

 

Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө

протоколду бекитүү тууралуу

           

“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып, токтом кылат:

 

       1. Барскоон айыл аймагынын  жергиликтүү кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы №1- протоколу бекитилсин. 

 

2. Барскоон  айыл аймагынын   жергиликтүү  кеңешинин Ибаков Мирлан Орозбекович шайланган төрагасы деп таанылсын. 

           

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

 

Төрага                                                                                                             М.Ибаков