Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI-сессиясы

 

2024-жылдын 7-марты № 118

               

Бирлик айыл  аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө Убактылуу жобосун  бекитүү  жана Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтү  мекемесин

мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин   2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жан шаарынын дээңгээлинде пилоттук режимде административдик- аймактык реформа жүргузүү жөнүндө” № 370 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында айыл өкмөтүнүн  иши жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү жөнүндө” № 24 Жарлыгын аткарууга алуу максатында  Кыргыз Республикасынын  Граждандык кодексине  жана “ Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык  Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө убактылуу Жобосу Кыргыз республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу иштери боюнча  мамлекеттик агентигинин 2024-жылдын 6- мартындагы № 01-25/77 буйругунун 2-тиркемесине ылайык  бекитилсин.           ( Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтү жөнүндө  убактылуу Жобо тиркелет)

 2. “ Бирлик айыл аймагынын  айыл өкмөтү” мекемеси  Баткен облустук  юстиция башкармалыгынан   юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.

3. “ Бирлик айыл аймагынын  айыл өкмөтү” мекемесин  юридикалык жакты мамлекеттик кайра каттоо жагы ишке ашыруу Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге жүктөлсүн.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөо жагын өзүмө калтырам.

5. Токтомдо көрсотүлгөн маалыматтардын – ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо  үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын  ырасталат.

 

Бирлик айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С.Каламов

 

Бирлик айыл аймагынын        

айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын

2024-жылдын 7-мартындагы кезексиз

XXVIсессиясынын № 118 токтому менен 

бекитилген.

 

 

 

 

 

БИРЛИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ ЖӨНУНДӨГҮ  УБАКТЫЛУУ ЖОБО

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

I.Жалпы жоболор

1.Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ушул типтүү жобосу аны юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда  юридикалык жак катары каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана айыл өкмөтүнүн ишин регламенттейт.

2. Айыл өкмөтү тиешелүү айылдык аймактык жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы болуп эсептелет жана өз ишин  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.

3.Айыл өкмөтү- юридикалык жак болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү,белгиленген үлгүдөгү штамптары, фирмалык бланкалары жана башка атрибуттары , банк маселелеринде алыш-бериш жана башка эсептери болот.

Айыл өкмөтүнүн расмий аталышы:

·         мамлекеттик тилде “ Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтү”

·         расмий тилде “айыл окмоту Бирликского айылного аймака”.

Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу , Кадамжай району, Ормош айылы № 1- көчө, № 5 үй.

4. Айыл өкмөтү өз ишине Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5.Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, айыл өкмөтү өзүнүн атынан  мүлктүк жана мүлктүк эмес укутарды сатып алууга жана ишке ашырууга , өз мүлкүнө ээлик кылууга, мүлктү сатып алууга, ижара алууга, жана ээликтен ажыратууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укутуу. Айыл өкмөтүнүнмүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.

6. Айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалисттер аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.

II. Айыл өкмөтүнүн ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздери

7.Айыл өкмөтүнүн компетенциясы, айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби, айыл өкмөтүнүн ишинин финансылык-экономикалык негиздери жана башка уюштуруу, укуктук, финансылык жана мүлктүк маселелер “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

 

8.Айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык расписаниенин негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.

9.Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.

 

10.Айыл өкмөтү өз ишинде айылдык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча - тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берет.

 

11.Документтер менен иштөөнү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы ишти документтик жактан камсыз кылуу боюнча эрежелер архив мыйзамдарынын жана документтик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде айыл өкмөтүнүн регламенти менен белгиленет.

III.  Айыл өкмөтүнүн актыларынын милдеттүүлүгү.

12.Айыл өкмөтүнүн атынан актыларды (чечимдерди)  айыл өкмөтүнүн башчысы токтом жана буйрук формасында чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, алар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

13.Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында чыгарылат. Тескемелер ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылат.

 

14.Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

 

15.Айыл өкмөтүнүн чечимдери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына  карама-каршы келбөөгө тийиш.

 

16.Айыл өкмөтүнүн чечимдери тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.

 

IV. Айыл өкмөтүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик.

 

17.Айыл өкмөтүнүн мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар айыл өкмөтүнүн алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.

 

18.Айыл өкмөтүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.

 

19.Убактылуу жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен киргизилет.