Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бирлик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVI-сессиясы

 

2024-жылдын марты № 120

        

Бирлик айыл аймагынын Кичи- Айдаркен  айылын жана Аэропорт участогун Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн курамынан чыгаруу жөнүндө.

 

         Кыргыз Республикасынын Президентинин  2023-жылдын  29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын  айыл аймактарынын жана шаарынын дээңгээлинде пилоттук режимде административдик- аймактык реформа жүргузүү жөнүндө” № 370 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча  башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө”   № 52 токтомун,   Кыргыз Республикасынын  Жарандык кодексинин 92-беренесин, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрыгндагы “ Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана жергиликтүу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123  Мыйзамын , Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178-токтому менен бекитилген “ Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып    Бирлик айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бирлик айыл аймагынын  Кичи- Айдаркен айылы жана Аэропорт участогу Айдаркен шаардык мэриясынын курамына өткөрүлүп берилгендиктен Бирлик айыл аймагынын курамынан чыгарылып, “Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтү” болуп кайра каттоодон өтүүгө уруксат берилсин.

2.Бирлик айыл аймагынын курамынан чыгарылып Айдаркен шаардык мэриясынын курамына киргизилген айыл аймактардын айылдарынын мүлкүн инвентаризациялоо жана өткөрүп берүү, өткөрүп алуу актыларын бүтүрүу жана кол коюу жагы  Бирлик айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маканбаевге  жуктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

4. Токтомду каттоодон өткөрүү жагы областык Юстиция башкармалыгынан суралсын.

 

Бирлик айылдык

кеңешинин төрагасы

 

С.Каламов