Редакцияот 29.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК- ЖОН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН ТОКТОМУ

Бешик- Жон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXX III сессиясынын

2023-жылдын 29-декабры № 9

“ Кек-Алма айылын катттоодон чыгаруу жөнүндө”

 

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXXIII сессиясы, 41703207815050 коду менен белгиленген Кек-Алма (с.Кек-Алма )айылы 1997-жылы Бешик-Жон айыл аймагы түзүлгөндө айыл аймакка кирбегендиги жана бул аймакта мындай аталыштагы айыл жок экендиги жөнүндө, бүгүнкү күндө бул айылды каттоодон Бешик-Жон айыл аймагынын айылдарынын катарынан чыгаруу жөнүндө Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовдун сөзүн угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            41703207815050 коду менен Кек-Алма аталышындагы айыл Бешик-Жон айыл аймагынын айылдарында жок экендиги белгиленсин жана бардык отчеттуулуктан чыгарылсын.

2.            Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жана статсистика комитетине сунуш кат менен жөнөтүү жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Адишовко милдеттендирилсин.

3.            Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

4.            Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

 

Бешик-Жон айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 А.Чолпонбаев