Редакцияот 13.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ   ХХIV СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 13-февралындагы № 04

       Бостери айыл аймагынын 2024-жылга карата  жергиликтүү бюджетин   бекитүү жана 2025-2026- жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоорлору  жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бостери айыл аймагынын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап, талкуулап чыгып, Бостери айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.Бостери айыл аймагынын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгашалар боюнча  96963,0миң сом өлчөмүндө, анын ичинен атайын каражаттар боюнча   2500,0  миң сом эсебинде бекитилсин.

2.2024-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча  94 963,0 миң сом өлчөмдө бекитилсин.

3.2025-жылга карата 103903,3 миң сом долбоору жактырылсын.

4.2026-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалар боюнча 114300,0 миң  сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.

5.2023-жылдан 2024-жылга калган 27389,2 миң сом бош калдыктын эсебинен тиркеменин негизинде бекитилсин.

6.Бостери айыл аймагынын башчысы К.Сопуевге жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Д.Джумадыловага жыл ичинде акча каражаттын сарпталышын бекитилген бюджет боюнча жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

7.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.   

8.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы экономикалык инвестиция табуу боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага                                                                                          Талантбек уулу Азат