Редакцияот 28.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Акман айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХХVI сессиясы

 

2023-жылдын 28-декабрындагы № 59

 

Акман Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга сметасын бекитип берүү жөнүндө

Акман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башчысы Исаков Медетбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Акман айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХХVI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Акман жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга бюджетте каралган киреше жана чыгаша бөлүмдөрү жер салыгынан сырткары 785672 сом (жети жүз сексен беш миң алты жүз жетимиш эки) сом суммасында болуп бекитилсин. Келишимдин негизинде сумманын 3/2 пайызы Акман айыл өкмөтүнүн бюджетинен, Акман жайыт пайдалануучулар бирикмесине которулуп берилсин.

 

2. Акман айыл өкмөтү тарабынан 3/2бөлүгүнөн кармалган жер салыгын жайыт комитетине кайтарылсын.

 

3. Сметанынын негизинде атайын техника (погрузчик) саатына айыл ичинде 5000 сомго күйүүчү майы ичинде жана механизатордун эмгек акысы саатына 400 сом болуп бекитилсин. 2023-жылдан үнөмдөлгөн калдык акча каражатын сметанын негизинде иштетилсин.

 

4. Сметанын негизинде иш алып баруу жагы Акман жайыт комитетинин торагасы М.Исаковго жүктөлсүн.

 

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Анарбек уулу Айдарбекке милдеттендирилсин.

 

6. Токтом Акман айылдык кенешинин www.akman.kg, веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

 

Акман айылдык кеңешинин төрагасы:

 

А.Тилекеев