Редакцияот 28.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Акман айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХХVI сессиясы

 

2023-жылдын 28-декабрындагы № 61

 

“Акман Тазалык” муниципалдык ишканасынын тарифин бекитүү жөнүндө

Акман Тазалык муниципалдык ишканасынын эсепчисинин 2023-жылдын 28-декабрындагы №01-12/14 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Акман айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХХVI сессиясы

 

Токтом кылат :

 

1. Акман айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясында 2022-жылдын 28-январындагы №3 токтому менен тазалык үчүн (мусор) 100 сом болуп жана Таза суу түтүкчөлөрү кирген счётчиги бар ар бир түтүн таза суунун 1 тоннасына 20 сом, ал эми счётчиги жок бирок такай суу агып турган ар бир түтүн айына 200 сом болуп тариф калтырылсын.

 

2. Бекитилген тарифтин негизинде иш алып баруу жагы Акман Тазалык муниципалдык ишканасынын жетекчисине жүктөлсүн.

 

3. Токтом Акман айылдык кеңешинин WWW.akman.kg веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Акман айылдык кеңешинин төрагасы:

 

А.Тилекеев